КРде эми мамлекет жеке менчиктеги жерди бир ай ичинде кайтарып ала алат

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЖер айдоо. Архив
Жер айдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамга ылайык, энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда жеке менчиктеги жерлерди мамлекеттин карамагына алууга уруксат берилет.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, эми сот мамлекет тарабынан жеке менчиктеги жер тилкелерин мажбурлоо менен алып коюу боюнча чечимди бир айдын ичинде кабыл алышы керек.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган. 

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазык-процессуалдык кодекске өзгөртүүлөр киргизилди
Мыйзам коомдук муктаждыктар жана энергетика чөйрөсүндөгү маанилүү стратегиялык долбоорлорду турмушка ашырууну тездетүү үчүн жеке менчиктеги жер тилкелерин алып коюунун (сатып алуунун) жакшыртылган механизмдерин киргизүү максатында иштелип чыккан.

Ага ылайык, жер адилеттүү нарк менен бааланып, сатып алуу соттун чечими боюнча жүрүшү зарыл.

Коомдук муктаждыктар үчүн жер участокторун алуу ыйгарым укуктуу орган менен жер тилкесинин ээсинин же жерди пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Эгер жердин ээси сатууга каршы болсо, мамлекеттик орган сотко кайрылууга укуктуу. Өзгөртүүлөргө ылайык, сот арызды бир айдын ичинде карап, тийиштүү чечим чыгарып бериши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0