Жай турмушта курман болгон аскер кызматкерлери

Жазылуу
Кыргызстанда ар ай сайын аскердик бөлүктөрдө чырлуу окуялар болуп жаткандай. Ар кандай кырсыктардан улам жоокерлердин алды жарадар болсо, арты көз жуумп жатат.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бейшемби күнү Балыкчы шаарындагы 20636 аскер бөлүктө снаряддын жарылуусу жоокердин өмүрүн алды.

Итибаевдин жесири №50 түрмөдөгү күйөөсүнө кандайча акча бергенин айтып берди
Куралдуу күчтөр башкы штабынан билдиришкендей, аскер снарядга таш ыргыткан. Анын кесепетинен, снаряд иштеп кетип жарылган. 

Мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. Жыл башынан бери ар кандай себептерден улам жоокерлер өмүрүнөн ажырады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кырсыктардан каза таап же жарадар болгон аскерлерге байланыштуу окуяларды эстеди. 

2016-жыл

Биринчи окуя 21-январда болду Улуттук коопсуздук комитетинин 64479 аскердик бөлүгүндө Мамарасул Абытбек уулу аттуу жоокер сабалган. Тергөө иштери жоокер офицер тарабынан келтек жегенин тастыктаган. 

Маалыматка ылайык, офицер жоокерди өтүк менен эси ооп калгыча урган. Бул окуяга байланыштуу аскер бөлүктүн командири, анын орун басары жана ротанын командири кызматтан алынды.

Балыкчыда 19-февраль күнү өзгөчө эки кырдаал катталды. Үч саат аралыгында эки жоокер кокустуктан улам ок атуучу куралдан жаракат алышкан. Алардын биринин башына ок тийип каза болду. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, материалдар сотко жиберилген.

Балыкчыда 2-март күнү дагы бир кырсык болду. 20 жаштагы жоокер өзүнүн сол бутун атып алган. Жарадар аскер ооруканага жеткирилип, дарылангандан кийин кайра кызматына жөнөтүлгөн. Жоокер ооруканада жаткан жүрөк оорулуу апасын сагынып кеткендиктен өзүн-өзү аткандыгын билдирген. 

Суицидге каршы акциялар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: быйыл үч айда 31 өспүрүм өз жанын кыйган
4-майдан 5-майга караган түнү Улуттук гвардиянын эки аскери мушташып кетип, окуя кайгылуу аяктаган. Тагыраагы, 19 жаштагы Актилек Акжол уулу көз жумган.

Үсөнбеков атындагы аскер институтунун 18 жашар курсанты 5-май күнү үйүнө качып кеткен. Кийинки күнү жоокердин асынып алган жансыз денеси өзүнүн үйүнөн табылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун 30670 аскер бөлүгүндө 11-май күнү жагымсыз окуя болду. Аскер прокурору берген маалыматка ылайык, эки жоокердин ортосундагы мушташтан улам, алардын бири төшүнө бычак жеген. Аталган иш боюнча кылмыш иши козголгон.

2015-жыл

Өткөн жылы дагы жоготуулар көп болгон. 

Жыл жаңы башталганда эле Баткен облусундагы "Айкөл" чек арасына кол салуу болуп заставанын начальниги көз жумган. Ал эми анын орун басары менен катардагы кызматкер жарадар болушкан. Тергөөнүн жыйынтыктары кол салууга чек арачылардын бири күнөөлүү экенин көрсөткөн. 

Жоокерге байланыштуу дагы бир окуя 23-августта болду. Чоң-Алай районуна караштуу "Карамык" чек ара заставасында кызмат өтөгөн. 

19 жаштагы Бексултан Баардинов жоголуп кетти. Ал бала бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. 

8-ноябрда милиция кызматкери көз жумду. Милиция кызматкери Тынчтык Абдрахманов чөгүп бараткан аялды сактап калууга аракет жасап жатып каза болгон. Эки жаран тең катуу аккан агын сууга туруштук бере албай чөгүп кетишкен. 

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү СИЗО-50дөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Алар үч милиция кызматкерин өлтүрүп, бирөөсүн жарадар кылып кетишкен. 

Ал бир нече күндөн соң, ооруканада каза болгон. Бирок муну менен кандуу окуя токтоп калган жок. Издөө операциясынын жүрүшүндө милициянын атайын даярдыктагы кызматкери (СОБР) менен эки жөнөкөй жаран көз жумган. 

Ал эми 20-ноябрда кылмышкерлер качкан СИЗО-50нүн начальнигинин жансыз денеси СИЗО-1де табылган. Ал асынып өлгөн.

19-ноябрда белгисиз адамдар кенже лейтенант Актилек Абдувалиевди атып кетишкен

Окуядан кийин милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтүшкөн. Натыйжада, 11-декабрь күнү Абдувалиевдин өлүмүнө шектелгендер УКМК кызматкерлери тарабынан жок кылынган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0