Окуучулар жолдо жүрүүнүн эрежелерин билүү боюнча мелдешти

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЖол эрежелерин үйрөнүп аткан мектеп окуучулары. Архив
Жол эрежелерин үйрөнүп аткан мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи орунду алгандар республикалык кароо-сынака катышууга жолдомо алышты.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Баткен облусундагы мектептерде "Жол кыймылынын жаш инспекторлору- 2016" аттуу кароо-сынак өттү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Коңгуроо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл мектептерде акыркы коңгуроо 27-майда кагылат
Кароо-сынактын максаты — жаш өспүрүмдөр арасындагы ар кандай укук бузуулардын жана жол кырсыктарынын алдын алуу болуп саналат.

Бул сынакка Сүлүктү, Кызыл-кыя, Баткен шаарлары жана Кадамжай, Лейлек, Баткен райондорунан мектеп окуучуларынын командалары келип катышты. 

Биринчи орунду Айдаркен шаарынан келген №20 Маканов орто мектебинин окуучулары алды. Алар 23-майда Бишкек шаарында өтүүчү республикалык кароо-сынакка катышууга жолдомо алышты. 

Катышуучулар баалуу белектер жана ардак грамоталар менен сыйланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0