Кулжа, теке, баш оона. Айлардын кыргызча аталышы такталууда

© Sputnik / Расул Усеналиев2016 - жылдын календары. Архив
2016 - жылдын календары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда календардагы ай аттарын кыргызча атоо боюнча атайын комиссия түзүлдү. 15 кишиден турган топ өз сунушун Жогорку Кеңешке жөнөтөт.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстанда айлардын аталышын кыргызчалоо боюнча сунуштар айтылууда. Бул боюнча атайын жыйын өтүп, комиссия түзүлдү.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдокановдун айтымында, акыркы учурларда календарларды чыгарууда айлардын аталышы түрдүү айтылып, баш аламандыктар көп болууда. Андыктан аларды бир калыпка салып, жыл санактагы (календарь) ай аттарын бирдиктүү системага салуу замандын талабы экенин белгиледи.
"Азыр чыккан календарларда айлардын кыргызча жазылышы баш аламан. Мисалы январды "үчтүн айы" дегендер бар. Ошол эле учурда Дастан Сарыгулов, Төрөн Жумаев деген жыл санакчылардын календарларында январь "бирдин айы" деп жүрөт. Мындай эки ача жазуулар баш аламандыкты жаратууда", — дейт ал.
Молдоканов мындан улам буларды жоюу үчүн 15 адамдан турган атайын комиссия түзүлүп, алар дагы иликтеп, кыргыздын бир калыптагы жыл санагын иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунуштамай болгонун кошумчалады.
© Sputnik / Расул Усеналиев

Календардагы ай аттарын ар ким ар башкача жазып келет

Календардагы ай аттарын ар ким ар башкача жазып келет - Sputnik Кыргызстан
1/2

Календардагы ай аттарын ар ким ар башкача жазып келет

© Sputnik / Расул Усеналиев

Атайын топ бирдиктүү жылсанакты (календарь) иштеп чыга турган болду.

Атайын топ бирдиктүү жылсанакты (календарь) иштеп чыга турган болду. - Sputnik Кыргызстан
2/2

Атайын топ бирдиктүү жылсанакты (календарь) иштеп чыга турган болду.

1/2

Календардагы ай аттарын ар ким ар башкача жазып келет

2/2

Атайын топ бирдиктүү жылсанакты (календарь) иштеп чыга турган болду.

Ал ошондой эле жыйынга катышкандар ар кимдин башын айлантпай айларды биринчи, экинчи, үчүнчү деп эле атоону сунуштаганын билдирди.

Ата-бабалардын изи менен

Элдик жыл санакчы Төрөн Жумаев айлардын аталышын кыргыздар кылымдар мурун эле билгенин айтат. Анын түзгөн жыл санагы ошол байыртадан бери айтылып, калк арасында колдонулуп келген нерселердин негизинде, жети эмес жетимиш жолу өлчөнгөн.
Жумаевдин айтымында, айларды кыргыздар жөн жерден эле атап алган эмес. Январь — Бирдин айы, февраль — Жалган куран, апрель — Чын куран, май — Кулжа, июнь — Теке, июль — Баш оона, август — Баш оона, сентябрь — Тогуздун айы, октябрь — Жетинин айы, ноябрь — Бештин айы жана декабрды — Үчтүн айы деп атоо керек.
"Жыл Бирдин айынан башталат. Февралдын Жалган куран деп аталышы жөн жерден эмес. Себеби курандын (кийик. Авт.) эркеги менен ургаачысын айырмалоо февраль айында кыйын. Экөөнүн тең мүйүздөрү жок болот. Чын куран айында (март) эркегинин мүйүзү чыгып, айырмаланып калат", — дейт ал.
Жумаев маралдар козусун, эликтер чаарчыктарын апрель айында туугандыктан ал Бугу деп байыртадан бери аталып калганын кошумчалады.
Июль айы — Баш оона, август — Аяк оона деп аталарын ал мындайча түшүндүрдү.
"Июль айынан баштап күн кыскаргандыктан ал Баш оона деп аталат. Ал эми августта боз үйдүн чамгарагынан түшкөн күндүн нуру коломтого тик эмес, меймандардын бут жагына түшкөндүктөн аны Аяк оона деп атап келишкен", — дейт ал.
Сентябрь айы бышыкчылыктуу, малдын семирген мезгилине туш келгендиктен аны Тогуздун айы деп аташканын, бул айда ата-бабалар кыздын калыңына семиз малды тандап, тогуздап бергенин кошумчалады.
Октябрь — Жетинин айы. Жетинин айында бийик тоолуу аймактарда кыш мезгилинин анча-мынча белгилери байкалып калат. Бул айга карата кыргыздар — Жетинин айы жаңырды, жээкке жайба малыңды, Эмитен камың болбосо, кыш сурайт сенин алыңды, — деп айтышкан.
КР Улуттук илимдер академиясынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту тарабынан Кыргыздардын каада-салттарынын онтологиясы аттуу китеби - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздардын каада-салты тууралуу китеп жарык көрдү
Ноябрь — Бештин айы. Бул айга карата да эл арасында — Бештин айы жаңырды, безилдеп шамал чамынды, Белсемдүү камың болбосо, кыш сурайт сениң алыңды, — деген сөз ушундан калганын Жумаев баса белгиледи. Ал ошондой эле кыргыздар жай чилде, кыш чилде деп мезгилдердин өзгөчөлүгүн аныктап келгенин кошумчалады.
Аталган конференцияда Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков да ай аттарын "көктөм", "чилде" сыяктуу аталыштар менен атоону сунуштаган.

Жай чилде тууралуу

Кырк күнгө созулган жай чилде 8-июлда башталып, 18-августка чейин созулат. 19-августтан тарта Сумбула жылдызы чыгып, бийик төрлөрдөгү суулар тоңо баштайт. Жумаев Сумбула жылдызы чыккандан тарта суу ташкыны токтоду деп ата-бабалар ишенип келгенин баса белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0