Кыргызстанда туруксуз аба ырайынан улам сел жүрүү коркунучу жогору

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүТоолуу аймак. Архив
Тоолуу аймак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-майга чейин аба ырайы туруксуз болуп, нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Күтүлүп жаткан катуу жаандан улам республиканын тоолуу жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-майга чейин аба ырайы туруксуз болуп, нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт.

"Күтүлгөн жаанга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ай башында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарында сел жан жер көчкү жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0