Кыргызстандын үч облусунда айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүШайлоочу. Архив
Шайлоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан алганда Нарын облусу боюнча жергиликтүү кеңешке — 24 талапкер, Ош облусу боюнча — 184 жана Ысык-Көл боюнча 29 талапкер көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бүгүн, 15-майда Нарын, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы алты айылда жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоо 17 округда 23 шайлоо участкасында өтүүдө.

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каракол шаарынын мэри болуп Данияр Арпачиев шайланды
Шайлоо Нарын облусунун Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айылдык кеңешине (11 мандаты), Ош облусунун Араван районундагы Нурабад (21 мандат) жана Тепе-Коргон (31 мандат) айылдарында, Өзгөн районундагы Алтын-Булак (11 мандат) жана Мырзаке (21 мандат) айылдарында болууда. Мындан сырткары Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айылында (11 мандат) да жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүп жатат.

Жалпысынан алганда Нарын облусу боюнча жергиликтүү кеңешке — 24 талапкер, Ош облусу боюнча — 184 жана Ысык-Көл боюнча 29 талапкер көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0