Ай аттарын "көктөм", "чилде" деп кыргызча атоо сунушталууда

Жазылуу
Бишкекте "Кыргыз жылсанагын тактоо" деп аталган республикалык илимий-практикалык конференция өттү.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Ай аттарын "көктөм", "чилде" деп кыргызча атоону республикалык илимий-практикалык конференцияда КР Эл артисти Түгөлбай Казаков сунуштады. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди. 

Жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күрүлдөйт, каркылдайт, бытбылдыктайт — жаныбарлар кандай үн чыгарат?
Эскерте кетсек, 12-майда "Кыргыз жылсанагын тактоо" деп аталган республикалык илимий-практикалык конференция өттү.

Бул илимий конференциянын максаты — кыргыз эли байыртан колдонуп келген жылсанактын илимий, астрономиялык негиздерин жана тиричиликтеги маанисин талкуулап, расмий жылсанакты жана улуттук жылсанакты мыйзамдаштыруу маселесин Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштоо.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов учурда бирдиктүү аталышка ээ боло албай, талаш-тартыш, кызуу талкуу жаратып жаткан ай аталыштары боюнча маселелерге чекит коюп, бирдиктүү аталышты кабыл алуу максатка ылайык экенин айтты.

"Баяндамачылардын бири Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Абакир Калыбеков 13 айдан турган өзгөчө календардын үлгүсүн көрсөтүп, улуттук илимий мурас катары ЮНЕСКОго сунуштаса болорун айтты", — деп айтылат билдирүүдө.

Конференциянын соңунда кыргыз жылсанагын тактоо боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, иш жигердүү улантыла турган болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0