Кыргызстанда чет элдик жарандардын электрондук базасын түзүү сунушталууда

Жазылуу
Кыргызстанда сырттан келген мыйзамсыз жумушчу күчтөрдүн саны арбын.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Миграция боюнча мамлекеттик кызмат Кыргызстанга кирген бардык чет элдик жарандардын тизмесин каттаган электрондук база түзүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады. 

Мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесинде өлкөдө жумуш жок болгондуктан, сыртка чыккан мигранттардын саны көбөйүп жатканы айтылат. Мындан улам Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирген чет элдик жумушчуларды көзөмөлдөө үчүн аталган мыйзам долбоор сунушталып жатканы айтылат. 

"Сунушталып жаткан мыйзам долбоорго ылайык, Кыргызстандын аймагына кирген бардык чет элдик жарандар маалымат базасына киргизилет", — деп айтылат мыйзамдын негиздемесинде. 

Миграция кызматынын адистери аталган норма мыйзамсыз миграцияга чекит коё аларын белгилейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0