Кыргызстан боюнча виртуалдык тур жасоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү — Google Street View

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарына көрүнүш. Архив
Бишкек шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча Кыргызстан Google Street View тиркемесине кирген Орто Азиядагы жалгыз өлкө.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Мындан ары үйдөн чыкпай туруп эле Кыргызстанды интернет аркылуу түрө кыдырууга болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаментинин мүдүрү Азамат Жаманкулов билдирди.

Чоробек Сааданбеков: Google Translate адистей кылып которбойт, аны машина которот
Аталган кадам Google Maps жана Google Earth функциясынын жардамы менен ишке кирди. Анда Кыргызстандагы көчөлөрдү 2,5 метр бийиктикте тартылган кадрлардан көрүүгө болот.

Google Street View — деп аталган функциянын жардамы менен интернет колдонуучулар 3D сүрөттөрдү 360 градуста көрө алышат. Бул функциянын жардамы менен каалаган турист Кыргызстан тууралуу кенен маалымат алып, көчөлөрүн кенен кыдыра алат.

Бүгүнкү күндө Google Street View тиркемесинде Бишкек көчөлөрү, Ысык-КөлЧүйОш, Жалал-Абад, НарынТалас облусттарынын башкы көчөлөрү, Бишкек — Ош, Бишкек — Чолпон-Ата трассалары кирген.

Азырынча Кыргызстан Google Street View тиркемесине кирген Орто Азиядагы жалгыз өлкө.

"Google Street View Кыргызстанда 5-май күнү иштеп баштады. Аталган функцияны ишке киргизүү үчүн бир жарым жыл керектелди. Келишим 2014-жылы түзүлгөн", — деди Жаманкулов.

Долбоордун алкагында Google компаниясынын адистери 2015-жылдын октябрь, ноябрь айында Кыргызстанга келип, сүрөткө тартып кетишкен.

"Google Street View бүткүл Кыргызстанды кучагына алабы, же ушул менен токтойбу айтуу кыйын", — дейт Жаманкулов.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Google Translate тутумуна кыргыз тили кошулган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0