Юстиция министрлиги дипномерлердин наркын эки эсе арзандатууну сунуштап жатат

Жазылуу
Автоунаа номерлери 20 пайызга чейин арзандайт. Буга чейин чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөр үчүн мамлекеттик номерлер 2 миң 163 сомду түзгөн.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Юстиция министрлиги автоунаалар үчүн берилчү мамлекеттик номерлердин баасын арзандатууну сунуштады. Аталган мекеме мындай өзгөртүүлөрдү өкмөттүн мамлекеттик номерлер жөнүндөгү токтомуна киргизүүнү сунуштап жатат. 

Учурдагы токтом боюнча мамлекеттик номерлерге болгон баа евро менен көрсөтүлгөн. Чет элдик өкүлчүлүктөр үчүн бир номер 27,66 евро (Улуттук банктын наркы менен 2 миң 163 сомду түзөт), жеке жактарга — 5,81 еврону (454 сом) түзөт.

ИИМ: Жол эрежесин бузгандар айып пул төлөбөсө телефону өчүрүлөт, чет жакка чыкпайт
Юстиция министрлиги жеке жактарга автоунаанын бир номерин кошумча нарк салыгы менен киреше салыгын кошкондо 455 сомдон сатууну сунуштап жатап. 

Ал эми Кыргызстандын аймагындагы дипломатиялык, консулдук жана БУУнун өкүлчүлүктөрү үчүн 1039 сомдон белгилөөнү сунушталууда. 

Баалардын төмөндөөсү буга чейин номерлерди кымбатыраак баада жасап келген "Анкер" ЖЧКсы менен келишимдин аякташына байланыштуу. Жаңы тендер 2016-жылдын башында өткөрүлүп, аны россиялык "Типография № 2" (Новосибирск) компаниясы жеңип алган. 

Белгилей кетсек, "Инфоком" мамлекеттик ишканасы эсептөөлөрдүн негизинде россиялык компания кошумча нарк салыгы менен киреше салыгын кошкондо "Анкер" ЖЧКга салыштырмалуу арзаныраак баада жасай турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0