Кумтөрдөгү чечилбеген экологиялык маселелер кендин ишинин токтошуна алып келиши ыктымал

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтөр кени. Архив
Кумтөр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер жаратылышты коргоо боюнча иштер аткарылбай жана компаниянын жетекчилиги тоотектердин түшүшү боюнча долбоорду көргөзбөсө "Кумтөр" кенинин иштешине тыюу салынышы мүмкүн.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Уруксат берүүчү документтерди жана корутундуну берүү мүмкүн эместиги тууралуу Centerra Gold Inc. менен "Кумтор Голд Компани" ЖЧКсынын жетекчилиги билдирүү алышканын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Биржа кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Centerra Gold Inc. компаниясындагы КРдин акциясы 40 млн. долларга арзандады
Расмий кат Centerra Gold Inc. ишканасынын жетекчиси Фрэнк Хербертке жана "Кумтор Голд Компани" компаниясынын президенти Ден Дежарденге жиберилген. Катта компания тарабынан берилген материалдар КР мыйзамдарындагы жаратылышты коргоо нормалары менен талаптарына жооп бербегендиктен укук берүүчү документтер берилбей турганын жазылган.

2015-жылдагы "Кумтөр" долбоорун рестркутуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн алкагында кенде жаратылышты коргоо иш-чаралары жүрүшү керек болчу. Андан сырткары "Кумтор Голд Компани" ЖЧКсы тоотектеринин урашы боюнча жана аларды ташуу боюнча лимитти белгилеген долбоорду иштеп чыгышы керек эле.

"Иштер аткрылган жок, тоотектердин урашы боюнча долбоорду 20-майга чейин көрсөтүшү керек болчу. Азыр эскертүү берилди, алар белгиленген мөөнөткө чейин долбоорду сунушташы зарыл. Ошондой эле, жаратылышты сактоо боюнча жасай турчу иш-чараларын күтөбүз. Эгер коюлган талаптар аткарылбаса, кенде иш жүрүгүзүүгө тыюу салынышы мүмкүн", — деп аталган мекемеден Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Кумтөр" — өлкөнүн бюджетин түзүүчү ишкана. Centerra Gold Inc. "Кумтөр" алтын кенинин 100 пайыздык акциясынын ээси болуп саналат. 2009-жылдагы келишим боюнча Центерранын 33 пайыздык акциясы Кыргызстанга таандык. Компания Кыргызстанда жана Монголияда жайгашкан эки алтын кенге ээлик кылат.

Монеталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Статистика: ички дүң продукция былтыркыга салыштырмалуу 4,9 пайызга төмөндөдү
Буга чейин Кумтөр кенин иштетүү 2016-жылдын 1-январынан тарта токтоп калышы мүмкүндүгү айтылган. Компания ишин улантуусу үчүн Кыргызстандын Суу кодексине мөңгү жайгашкан аймакта иш алып барууга мүмкүнчүлүк берген өзгөртүүлөрдү киргизүү керек болчу. Бирок Жогорку Кеңеш аны кабыл алган эмес. Мындан улам өкмөт компанияга ишин жүргүзүү үчүн убактылуу уруксат берген.

28-апрелде кечинде "Кумтор Голд Компани" ЖЧКсынын Бишкектеги башкы кеңсеси финансылык мыйзам бузуулардан улам делинип тинтүүгө алынган. Иликтөө иштерин ведомстволор аралык комиссия — Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комиссия, ИИМ жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы аткарууда. Тинтүүлөрдөн улам аталган компаниянын эки вице-президенти Кыргызстандан чыгып кеткен

Жаңылыктар түрмөгү
0