Облус борборлорунда заманбап фитосанитардык лабораториялар курулат

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Бишкек жана Ош шаарларында эл аралык стандарттарга жооп берген эки заманбап лаборатория бар.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Облус борборлорунда заманбап фитосанитардык лабораториялар курулат. Мындай маселе премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышкан ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу жана реконструкциялоо маселеси боюнча өткөн жумушчу жыйында айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Евразиялык экономикалык биримдиктин негизги талабы – республикада эл аралык стандарттарга жооп берген ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын болуусу эсептелет.

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы: лаборатория кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу зарыл
КР Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимине ылайык, 2016-жылдын 1-августунан тарта ЕАЭБ өлкөлөрү менен чектешкен аймактарда ветеринардык көзөмөл алынууга тийиш. Аталган тапшырманы аткаруу иретинде премьер-министр ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу, реконструкциялоо ишин ырааттуу түрдө жүргүзүүнү тапшырды. Алгачкы баскычта Бишкек жана Ош шаарларындагы ветеринардык лабораториялар, андан соң аймактагылары модернизацияланат.

Ветеринардык жана фитосанитардык маминспекциясынын директору Калысбек Жумаканов маалымдагандай, республикада бүгүнкү күнү 30 фитосанитардык лаборатория бар. Учурда лабораторияларды оптимизациялоо боюнча иш жүрүп жаткандыгын айтып, анын натыйжасында 11 лаборатория кыскарып, калган 19 лаборатория модернизацияланарын белгиледи.

Ал эми Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев учурда Бишкек жана Ош шаарларында эл аралык стандарттарга жооп берген эки заманбап лаборатория бар экенин кошумчалады.

Анын айтымында, өлкө аймактарында дагы ушул сыяктуу беш лабораториянын курулушу пландаштырылууда, ал максатта 45 миллион сом каражат керектелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0