БУУ: Кыргызстан туристтер көп келе турган мамлекеттердин көч башында

Жазылуу
Биринчи кезекте Кыргызстандагы туризм дегенде жылкы, бийик тоолор жана көл эске келет.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмунун (UNWTO) рейтингинде биринчи орунду ээледи. Бул рейтинг алдыдагы он жылда туристтер эң көп келчү өлкөлөр үчүн түзүлгөнүн The Telegraph басылмасы жазып чыкты. 

UNWTO уюмунун божомолуна ылайык, Кыргызстанга жыл сайын туристтердин агымы 8,2 пайызга көбөйөт.

Экинчи орунду Мьянма ээлеген, үчүнчү орунда Индия турат. Алдыңкы ондукта ошондой эле Замбия, Вьетнам, Танзания, Мозамбик, Кытай, Ливан жана Намибия бар.

"Жылкы минип эс алганды жактыргандар бул алыскы мамлекетке келишет. Анан калса, асман тиреген тоолордон ат минип гана өтүүгө болот. Айылдарда көчмөн турмуштун айрым элементтери сакталган байкоого болот. Алар жайында жайлоого чыгып, кышында малды кыштоодо кармашат", — деп айтылат рейтингде.

Ошондой эле Соң-Көлдүн жээгинде, тоо койнундагы боз үйдө түнөө туристтерге өзгөчө таасир берери жазылат.

Кыргызстан туризм боюнча түзүлгөн рейтингдердин көбүнө катышат. Алсак, Ысык-Көл Россиянын туристтик порталынын версиясы боюнча КМШ курортторунун алдыңкы сабында турат. Ал эми  Каракол шаарындагы тоо лыжа базасы КМШ ичиндеги мыкты базанын катарынан орун алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0