Сурамжылоо: өлкөдөгү эң таасирдүү жана белгилүү кишилер

Жазылуу
Сурамжылоого экс-премьер-министр, мурдагы мамлекет башчысы, машыктыруучулар жана ишкерлер катышты. Алар эң таасирдүү саясатчыларды, спортчуларды, ишкерлерди жана коомдук ишмерлерди аныкташты.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Американын Time журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү кишилердин рейтингин аныктады

Дүйнөнүн эң таасирлүү адамдары
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги да сурамжылоо аркылуу эң таасирдүү 20 кыргызстандыкты аныктаганга аракет кылды. Алар эң таасирдүү — саясатчы, ишкер, коомдук ишмер, спорт жана маданият ишмери деген төрт категорияга бөлүндү.

Сурамжылоого Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы төрагасы, бир күн мамлекет башчысы болгон Ишенбай Кадырбеков катышты. Ошондой эле, экс премьер-министр жана мурдагы вице-президент Феликс Кулов, Тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясы башкармалыгынын төрагасы Орозбек Дүйшеев, спортчу Евгений Ваккер, Эркен Акрамов жана event-компаниясынын директору Дарика Асылбашева өз ойлорун билдиришти.

Белгилей кетсек, сурамжылоого катышкандардын көбү айрым категориялар боюнча өзүнүн топ-бештигин атай алышкан жок. Алар санына эмес сапатына көңүл буруу керектигин айтышты. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев
Президент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев

Мыкты саясатчылар

Сурамжылоого катышкандардын бардыгы эң таасирдүү саясатчы деп өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди аташты. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев
Депутат Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев

Ошондой эле "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да мыкты саясатчылардын көч башында. Аны Конституциянын "атасы" катары сыпатташып, учурдагы саясый системанын архитектору катары белгилешти. 

Сапар Исаков — КР президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы. Ал көпчүлүккө белгилүү болбогону менен сурамжылоого катышкандар анын таасири бар экенин айтышат. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов
Депутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов  - Sputnik Кыргызстан
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов

Өмүрбек Бабанов — "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери, экс-премьер-министр. Айрымдары аны оппозициянын башчысы жана белгилүү саясатчы катары баалашты.

Сооронбай Жээнбеков — азыркы премьер-министр. Сурамжылоого катышкандар премьер-министрлик орун кандай болсо да таасирдүү кызмат экенин белгилешти. 

© пресс-служба ЖК КРТөрагалык кызматка талапкер болуп жаткан Чыныбай Турсунбеков
Депутат Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Төрагалык кызматка талапкер болуп жаткан Чыныбай Турсунбеков

Таасирдүү саясатчылардын тизмесине респондеттер Исхак Разаковду, төрагалык кызматка талапкер болуп жаткан Чыныбай Турсунбековду жана президенттин жакын адамы катары билинген Икрамжан Ильмияновду кошушту.

Мыкты ишкерлер

Аскар Салымбеков —"Дордой" ассоциациясынын президенти. Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарын толуктайт. 

© Фото / Александр Федоров"Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков
Президент ассоциации Дордой Аскар Салымбеков - Sputnik Кыргызстан
"Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков

Шаршенбек Абдыкеримов — "Аю" компаниясынын ээси. Учурда Улуттук олимпиадалык комитетти жетектейт.

Совет Сакебаев — "Абдыш-Ата" компаниясынын президенти.

Бабур Төлбаев — "Мөл-Булак" финансы уюмунун башкы директору. Ал бул уюмдун ээси эмес, бирок, сурамжылоого катышкандар аны мыкты башкаруучу катары сыпатташат. 

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Мөл-Булак" финансы уюмунун башкы директору Бабур Төлбаев
Владелец компании Авангард Стиль Калыкбек Султанов - Sputnik Кыргызстан
"Мөл-Булак" финансы уюмунун башкы директору Бабур Төлбаев

Калыкбек Султанов — экс-транспорт жана коммуникациялар министри, "Авангард Стиль" компаниясынын ээси.

Сурамжылоого катышкандар эң мыкты ишкерлердин катарына "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен "Республика – Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановду кошушту.

Мыкты спортчулар

Айсулуу Тыныбекова — Азиянын чемпиону. 2012-жылы Лондондо өткөн Жайкы Олимпиадага Кыргызстандын атынан катышкан. 

© AP Photo / Ed Wray2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадалык оюндарда грек-рим күрөшү боюнча күмүш байге алган Канатбек Бегалиев.
Борец Канатбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадалык оюндарда грек-рим күрөшү боюнча күмүш байге алган Канатбек Бегалиев.

Канатбек Бегалиев — 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадалык оюндарда грек-рим күрөшү боюнча күмүш байге алган.

Атай Өмүрзаков — бийчи, "Чехия жана Словакия таланттары" телешоусунун жеңүүчүсү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековTurkvizyon конкурсунун жеңүүчүсү Жийдеш Идирисова.
Кыргызстанская эстрадная певица Жийдеш Идирисова  - Sputnik Кыргызстан
Turkvizyon конкурсунун жеңүүчүсү Жийдеш Идирисова.

Жийдеш Идирисова — Turkvizyon конкурсунун жеңүүчүсү

Евгений Ваккер — азиянын төрт жолку чемпиону, веложарыш боюнча Азия оюндарынын алты жолку призеру.

Коомдук ишмерлер

Токтайым Үмөталиева — укук коргоочу. Сурамжылоого катышкандар анын активдүүлүгүн баса белгилешти.

Ассоль Молдокматова — теле алып баруучу. 

Нурбек Токтакунов — "Прецедент" өнөктөштүк тобу" коомдук бирикмесинин директору.

Бүбүсара Рыскулова — "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси. Зордук-зомбулукка кабылган аялдардын укугун коргоо боюнча белгилүү. 

© предоставлено Динарой Аляевой"Помогать легко" коомдук фондунун башчысы Динара Аляева
Глава общественного фонда Помогать легко Динара Аляева. - Sputnik Кыргызстан
"Помогать легко" коомдук фондунун башчысы Динара Аляева

Динара Аляева — "Помогать легко" коомдук фондунун башчысы. Кайрымдуулук иштерди уюштуруп келет. Рак менен ооруган балдарга жардам берүү фондун түптөгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0