Кыргызгидромет: апта соңунда тоолуу райондорго жамгыр жаайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекеме аба ырайы өзгөрүлмөлүү болорун белгилейт.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Апта соңунда тоолуу райондорго жаан жаай турганын ӨКМ Кыргызгидрометке таянуу менен билдирет.

Фонтандан өтүп бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Май айында өлкө аймагында күн ысык болуп, жаан-чачын аз болот
Ишемби күнү Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болот. Түнкүсүн 6…8 градус жылуу болсо, күндүз 18…21 градуска чейин ысыйт.

Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.

24-25-апрель күндөрү тоолуу райондордо жаан жаап, калган аймакта күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

26-апрелде түнкүсүн жаан жаабайт, ал эми күндүз айрым аймактарда күн жаап, аба ырайынын туруксуздугу сакталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0