Майдын башында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алат

© Sputnik / Табылды КадырбековФонтанда ойноп жаткан кыздар. Архив
Фонтанда ойноп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баш мыйзамда 1-май — Эмгек күнү, 5-май — Конституция күнү, 9-май — Жеңиш күнү катары белгиленген.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктар 5-майдан 9-майга чейин беш күн эс ала турганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

"Быйыл 1-май жекшембиге туш келгендиктен, эс алуу күнү 6-майга которулат. Натыйжада кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Адистер Баш мыйзамда 1-май — Эмгек күнү, 5-май — Конституция күнү, 9-май — Жеңиш күнү катары белгиленгенин кошумчалашты.

Кыргызстанда кайсы күндөр эс алуу күнү деп белгиленгенин Sputnik Кыргызстан даярдаган инфографикадан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0