Космосту Кыргызстан кантип багынткан. Сыймыктана турган алты факты

© NASAКосмос. Архив
Космос. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Космосту өздөштүрүп, үйрөнүүдө Кыргызстандын салымы кандай болду экен? Биздин мекендештердин ичинен атактуу Гагаринден озуп, космосту багындыра тургандар бар беле? Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалы назарыңызда.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Алгачкы космонавт Юрий Гагарин космос мейкиндигине чыккан күн – 12-апрель Кыргызстанда Космонавтика күнү деп белгиленип келет. Бул күн БУУнун Башкы Ассамблеясынын демилгеси менен Адамзаттын космос мейкиндигине чыккан күнү деп да табылган. 

Кыргызстан бул жаатта кандай салым кошкондугун баары эле биле бербейт.

Sputnik Кыргызстан биздин өлкөнүн космосту багындыруудагы эмгегин эске салды. 

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүБиринчи космонавттардын отряды. Марс Рафиков (экинчи катарда сол жактан үчүнчү)
Первый отряд советских космонавтов. Марс Рафиков во втором ряду третий (слева направо) - Sputnik Кыргызстан
Биринчи космонавттардын отряды. Марс Рафиков (экинчи катарда сол жактан үчүнчү)

1. Космоско кыргызстандыктар биринчилерден болуп уча алат болчу

Адамзаттын ичинен космос мейкиндигине чыга тургандардын арасында Жалал-Абаддыктар — Марс Рафиков менен Валентин Варламов болгон. Бирок… ар кандай себептерден улам, алар Гагарин менен теңтайлаша албай калышкан. Варламов жаракат алып, учуу миссиясынан четтетилсе, ал эми Рафиков советтик бийликтин идеологиясындагы ажырымдан улам талапка туура келбей калган. 

2. Кыргыз бальзамы космоско алгачкы ирет чыккан спирт ичимдиги 

Сахнада оюн көрсөтүп жаткан артист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биз сыймыктангандар. Кыргызстанды дүйнөгө даңазалаган 10 инсан
Совет бийлиги учурунда бул жааттагыларга алкоголду татууга космосто тургай, жерде да, сууда да болбойт эле. Бирок, Кыргызстандын "Арашан" аттуу бальзамын космос мейкиндигине алып кетишип, аталган ичимдик ал жерде колдонулган биринчи спирттик ичимдиги болгон. 

3. Кыргыз техникасын кадимки эле Айга алып барышкан

Союз кезинде Айды изилдөө боюнча атайын программанын алкагында, мурдагы Автоматика институтунун адистери ракеталарды жана космоско чыгуучу аба кемелерин иштеп чыгууга катышкан. Айга жеткирилген бургулоочу жабдууну кыргызстандыктар жасаптыр. Ошентип, Жерге топурак алып келген жабдуу кыргыз адистеринин колунан чыккан экен. 

4. Аалам мейкиндигинен келгендерге Кыргызстан жакшы жай

Кыргызстандын табияты ушунчалык уникалдуу жана мыкты экендиги талашсыз. Ал тургай тээ космос түпкүрүнөн келген Гагаринди өзүнө келтирүү үчүн түз эле Ысык-Көлгө жөнөтүшүптүр. Ага көл аймагы абдан жаккандыктан, жаратылышыка суктанып, айтарга сөз таппай калган дешет. 

5. Кыргызстандык жаран космоско 88-болуп учту 

© AFP 2023 / TONY RANZEКосмонавт Салижан Шарипов
Космонавт Салижан Шарипов - Sputnik Кыргызстан
Космонавт Салижан Шарипов

Ош облусунун жашоочусу Салижан Шарипов космосту багындырган бирден-бир кыргызстандык жаран. Ал биринчи ирет америкалык "Endeavour" кемеси менен 1998-жылы аалам мейкиндигине аттанган. Экинчи ирет "Союз ТМА-5" кемесине командирлик жана Эл аралык космостук станциясындагы 10-негизги экспедициянын бортуна инженерлик кылып учкан. Бул мезгилде Шарипов ачык космоско эки ирет чыккан. 

6. Космосто жаңырган кыргыз ыры

Космоско жеткирилген курут, даамы өзгөргөн виски
Кыргызстандан аалам мейкиндигинде, Эл аралык космостук станцияда жаңырган ыр — "Жылдыздуу жердешим" деп аталат. Композиция орбитада жүргөн Салижан Шариповго арналган. Чыгарманын автору Гүлнара Тойгонбаева ырды Жамиля Муратова менен биргеликте аткарган. Сөзүн акын Кыялбек Урманбетов жазган. 

Тилекке каршы, сыймыктана турган бул жакшы фактылар КРдин Илимдер Академиясы тарабынан тастыкталып, интернет айдыңында жазылып жүрсө да мектептерде тарых сабагында айтылбай келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0