Былтыр 11,1 миң батир курулуп, колдонууга берилген

Жазылуу
2015-жылдын жыйынтыгы боюнча бардык булактардан тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 120,9 миллиард сомду түзүп, 8 пайызга көбөйгөн.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. 2015-жылы 11,1 миң батир колдонууга берилди. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 4,1 пайызга көп экенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жалпы жонунан 1 миллион 127,1 миң чарчы метрлик аянтты түзөт.

Кезек күтүп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик жана муниципалдык тейлөөнү жакшыртуу үчүн айрым кызматтар кошулду
2015-жылдын жыйынтыгы боюнча бардык булактардан тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 120,9 миллиард сомду түзүп, 8 пайызга көбөйгөн. Ички инвестициянын көлөмү 57,8 пайызды түзсө, сырттан тартылган инвестиция 42,2 пайызга барабар болду.

Айыл жеринде 494,8 миң чарчы метр турак жай курулган.

Ал эми былтыр жалпысынан 6836 жеке турак жай курулган. Алардын болжолдуу баасы 12 миллиард 307,4 миллион сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0