Алдыдагы 3-4 күндө аба ырайы кескин өзгөрүп, өлкө аймагында үшүк жүрөт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-9-10-апрелде өлкө аймагынын көпчүлүк аймактарында жааган жаан карга айланып, бир катар дыйканчылык аймактарда үшүк жүрөт.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Алдыдагы 3-4 күндө аба ырайы кескин өзгөрүп, үшүк жүрөрүн Кыргызгидромет билдирди.

Цветение урюка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Лейлекте 310 га жердеги мөмө-жемиш бактарын үшүк алып кетти
8-9-10-апрелде өлкө аймагынын көпчүлүк аймактарында жааган жаан карга айланып, бир катар дыйканчылык аймактарда үшүк жүрөт. Белгиленген күндөрү Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Тоо этектеринде жааган жаан карга айланса, тоолуу аймактарга кар түшөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. 

Мындай үшүк бүчүр байлаган, гүлдөгөн жана түйүлгөн данектүү мөмө бактарга коркунуч алып келет. Ошондой эле айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, кыштоодо мал кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0