"Кыргызтелеком" өлкөнү 4G мобилдик интернети менен камсыз кылууну көздөйт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызтелеком" компаниясынын имараты. Архив
Кыргызтелеком компаниясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ишканага 2,5 миллиард сом киреше түшүп, пайдасы былтыркы жылга карата 107,7 пайызга өскөн. Компаниянын чыгашасы 9,7 миллион сомго жеткен.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. "Кыргызтелеком" өлкөнү 4G мобилдик интернети менен камсыз кылууну көздөйт. Бул тууралуу аталган ишкананын бүгүн, 5-апрелде жыл жыйынтыгына арналган отчетунда айтылды. 

Маалыматка ылайык, 2015-жылы сапаттуу байланыштуу түзүү менен ишкананын атаандаштыгын күчөтүү максатында LTE технологиясынын негизинде 4G мобилдик интернетин иштетүүгө тендер жарыяланып, алгачкы кадамдар ташталган. Бул кадамдар ишке ашса компаниянын кирешеси өсөрү күтүлүүдө.

Электрондук тейлөө порталынын мобилдик тиркемеси ишке кирди
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ишканага 2,5 миллиард сом киреше түшүп, анын пайдасы былтыркы жылга салыштырмалуу 107,7 пайызга өскөн. Компаниянын чыгашасы 9,7 миллион сомго жеткен. 

Мындан сырткары, бул жылы "Кыргызтелеком" тарабынан акы алынган "0811" кыска номерлүү маалымдама ишке кирип, жарандардын соода-сатык, кызматтар жана башка кызыктырган бардык суроолоруна жооп берет. 

Жыл ичинде АDSL технологиясынан заманбап MetroEthernet технологиясына өтүү иштери жүрүп, түндүк-түштүк багыты боюнча интернет өткөрүү мүмкүнчүлүгү 400 Гбит/с ылдамдыкка күчөтүлгөн. 

"Кыргызтелеком" — мамлекеттик ишканасы жалпы республика боюнча байланыш тармагында кызмат көрсөтүп келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0