ШКУнун аскерлери биринчи ирет Кыргызстанда "Тынчтык миссиясы-2016" машыгуусунан өтөт

Жазылуу
Машыгуу Генералдык штабдын 20636-аскер бөлүгүнүн "Эдельвейс" окуу борборунун базасында өтөт. Учурда машыгуу өткөрүлүүчү аймакта курулуш иштери толук кандуу жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин терроризмге каршы "Тынчтык миссиясы-2016" командалык-штабдык биргелешкен аскердик машыгуусуна даярдыктар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы билдирди.

Москва шаарындагы Кызыл аянт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын аскер делегациясы Москвага сапар алат
Маалыматка ылайык, иш-чара быйыл Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлгөнү турат. Ал үстүбүздөгү жылдын 5-12-сентябрь күндөрүнө белгиленип, ага Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан өлкөлөрүнүн аскер контингенттери катышат. 

Машыгуу Генералдык штабдын 20636-аскер бөлүгүнүн "Эдельвейс" окуу борборунун базасында өтөт. Учурда машыгуу өткөрүлүүчү аймакта курулуш иштери толук кандуу жүргүзүлүүдө. Курулуш объектилери, аскер шаарчасынын инфраструктурасы эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык салынып жатат. 

Буга чейин иш-чара тууралуу сүйлөшүүлөрдүн биринчи жана экинчи этаптары жүргүзүлгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0