Мындан ары 810 сом кирешеси бар жарандар да жөлөк пул ала баштайт

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча. Архив
Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пул катары 1-мартка карата 510,5 миллион сом төлөнүп берилген.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Буга чейин кирешеси 705 сомду түзгөн жарандар аз камсыз үй-бүлө катары эсептелип жөлөк пул төлөнүп келсе, мындан ары 810 сом киреше тапкандар аз камсыз үй-бүлө катары эсептелип, жөлөк пул бериле баштайт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Акча жана калем. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соцфонд эркин кесиптин ээлеринин төлөмдөрүн азайтууну сунуштап жатат
Маалыматка ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пул катары 1-мартка карата 510,5 миллион сом төлөнүп берилген. 

Мындан сырткары, республика боюнча аз камсыз үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөк пулдун суммасы 36,4 пайызга жогорулап, 757,9 сомду түзгөнү маалыматта белгиленген. 

Ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөк пулдун орточо суммасы 2 миң 420 сомду түзөт. Жөлөк пулдун бул түрүн өлкө боюнча 81,4 миң жаран алат. 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жыл башынан бери калкка 910 миллион сом төлөп берген. Жөлөк пулдарды 383,8 миң жаран алып келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0