МСК: мамкызматкерлердин жарымынан көбү салык декларациясын тапшырууга жетишти

© Фото / пресс-служба ГНССалык декларациясын тапшырып жаткан аял. Архив
Салык декларациясын тапшырып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин бардыгы өз убагында салык декларациясын тапшыраарына ишенет. Практика көрсөткөндөй акыркы мөөнөткө саналуу күндөр калганда, салык декларациясын тапшырууну каалагандардын саны арбыйт.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Мамлекеттик кызматкерлердин 7 миң 300дөн ашыгы бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга жетишти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков билдирди.

Эске салсак, декларация тапшыруу өнөктүгү 2016-жылдын 1-январында башталган. Ушул жылдын 1-мартында юридикалык жактар үчүн декларациялык кампания аяктады. Ал эми мамлекеттик кызматкерлер 1-апрелге чейин тапшырып жетишүүгө тийиш.

"Жалпы 12 миңден ашык мамлекеттик кызматкерлер декларация тапшырууга тийиш. Аз күн калганына карабастан бардык кызматкерлер өз мөөнөтүндө жетишет деген ойдобуз", — деп билдирет Сазыков.

Анын айтуусунда, декларация тапшыруу мөөнөтүнүн аякташына саналуу күндөр калганда, жарандардын агымы күчөгөнүн практика көрсөтүп келет. 

"Учурда эртең менен саат 9:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин салык декларациясын кабыл алып жатабыз. Түштөнүү убактысы дагы жок, тынымсыз иш жүрүп жатат", — деп кошумчалайт Сазыков. 

Салык кызматынын имаратында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматы бизнес чөйрөнү инвентаризациялоону баштады
Маалымат катчы билдиргендей, үй-мүлкү, унаасы, жер тилкеси бар жеке жактар дагы 1-апрелге чейин салык декларациясын тапшырууга тийиш. Бирок, учурда алардын канчасы декларация тапшыргандыгы тууралуу так маалымат жок экенин Сазыков билдирди. 

Салык кызматы декларацияны өз убагында тапшырбаган жарандарга эки миң сомдон 10 миң сомго чейин айып пул салынаарын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0