Ош шаардык кеңешке мөөнөтсүз добуш берүү башталды

Жазылуу
Белгиленген күнү шайлоого катыша албай калган жарандар алдын ала берилген арызынын негизинде өз добуштарын бир күн эрте бере алышат. Ош шаарында мөөнөтсүз добуш берүү үчүн 1162 арыз келип түшкөн.

ОШ, 26-мар. — Sputnik. Ош шаардык кеңешке мөөнөтсүз шайлоо башталды. 

Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдижалил Муратовдун маалыматында мөөнөтсүз добуш берүү үчүн Ош шаары боюнча 1162 арыз келип түшкөн.

Ал эми Бабур атындагы Ош мамлекеттик музыкалуу драма театрындагы №5901 шайлоо участкасынын төрагасы Кубанычбек Сулайманов аталган участокко мөөнөтсүз добуш берүүгө 27 адамдан катышарын билдирди.

"Мөөнөтсүз шайлоону өткөрүүчү топ техникалык жабдуулары менен чыгып кетти. Биздин аймакта 27 адам бүгүн добуш берет", — дейт Сулайманов. 

Ош: шайлоого болгон даярдык. Мэр, талапкерлер, карапайым калктын пикири
Мыйзамга ылайык, белгиленген күнү шайлоого катыша албай калган жарандар алдын ала берилген арызынын негизинде өз добуштарын бир күн эрте берүү укугуна ээ. 

Мында шайлоочунун жашыруун добуш берүү укугу сакталып, анын бюллетени конвертке бекитилип, сейфте сакталып, санак башталганда байкоочулардын катышуусу менен ачылат. 

Эскерте кетсек, эртең 27-мартында жергиликтүү кеңештерге шайлоо алты шаар менен 20дан ашуун айыл өкмөттөрүндө өтөт. Анда биометрикалык маалымат тапшырган 265 миң жаран добуш берет.

Ош шаардык кеңешке депутат болчу талапкерлердин тизмесин Sputnik инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0