Өкмөт эмки жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыкты баштады

Жазылуу
Өкмөт башчы быйылкы жылы Токтогул суу сактагычындагы сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча бир катар керектүү чаралар кабыл алынганын кошумчалады.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бүгүн өкмөт өз жыйынында 2016-2017-жылдарга карата даярдыгы тууралуу маселени карады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: Кышында жарык өчпөсүн деп Бишкек ТЭЦине күнүнө 8 миң тонна көмүр жагылды
Жыйын жүрүшүндө премьер-министр Темир Сариев 2015-2016-жылдагы күз-кыш мезгилинде даярдык өз учурунда жүргүзүлүп, керектүү чаралар кабыл алынгандыктан ийгиликтүү болгонун белгиледи. Бул жаатта электр энергия үзгүлтүксүз берилип, керектөөчүлөр жылуулук менен камсыз кылынганын айтты.

Сариев өткөн жылдагы ири өзгөрүүлөрдүн бири катары "Кемин" 500 Кв подстанциясын жана "Датка — Кемин" жогорку чыңалуудагы линиясын ишке берүүнү атады.

"Муну менен биз өлкөнүн көз карандысыз энергетикалык шакекчесине ээ болдук. Бул шартты натыйжалуу пайдаланышыбыз керек", — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле премьер-министр Токтогул ГЭСиндеги аварияларды эске алуу менен мындай кырдаалга жол берген жетекчилерге сөгүш берүү керек экенин билдирди.

"Бул авария биз үчүн чоң коңгуроо болду. Ошондуктан быйыл күздөн тарта Токтогул ГЭСинде ири реконструкциялык иштер башталат. Анын алкагында аггрегаттар алмаштырылып, үч жылдын ичинде кубаттуулук 20 пайызга көбөйөт", — деди Сариев.

Өкмөт башчы быйылкы жылы Токтогул суу сактагычындагы сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча бир катар керектүү чаралар кабыл алынганын кошумчалады.

Лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Митингге чыккан токтогулдуктар электр тарифин 8 тыйын кылууну талап кылышты
Жыйынтыкта былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 2,5 миллиард метр куб суу үнөмдөлгөнүн билдирди. Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 25-мартына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,9 миллиард куб метрди түзөт, ал эми 2015-жылдын ушул мезгилинде – 6,41 миллиард куб метрдин чегинде болгон.

Премьер-министр бул жааттагы ишти улантуу зарылдыгын белгиледи.

Сариев кийинки күз-кышкы мезгилге даярдык эрте башталганын билдирип, бардык мамлекеттик органдарды өз милдеттерин так аткарууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0