Өткөн жылы эң көп коюлган 10 ысым

Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматы жыл ичинде 60 миң 265 ымыркайдын ысымын каттаган.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн автоматтык системасы өткөн жылы төрөлгөн ымыркайларга коюлган ысымдарды аныктаган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди. 

Аталган кызмат жыл ичинде 60 миң 265 ымыркайдын ысымын каттаган. 

Автоматташтырылган система эң көп колдонгон он ысымды атады:

  1. Умар — 1046 балага ыйгарылган;
  2. Айбийке — 765 
  3. Раяна — 736 
  4. Арууке — 699 
  5. Алинур — 638 
  6. Нурислам — 618 
  7. Амина — 554 
  8. Али — 553 
  9. Сумая — 533 
  10. Алихан — 481.

Жаңылыктар түрмөгү
0