Жергиликтүү кеңеш шайлоолорун 850 оператор тейлейт

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогундагы оператор. Архив
Шайлоо участогундагы оператор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтчү алты шаар жана 23 айыл өкмөткө биометрикалык жабдуулар жеткирилүүдө.

БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 27-мартына белгиленген жергиликтүү кеңеш шайлоолорун тейлөө үчүн 850 оператор атайы окуудан өткөнүн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев өкмөт жыйынында билдирди.

Кресло. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кочкор районунун акими шайланды
Анда премьер-министр Темир Сариев жергиликтүү кеңештерге шайлоону мыйзамдын чегинде, ачык-айкын өткөрүүгө Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте тиешелүү мамлекеттик органдар бардык шартты түзүп бериши керектигин белгиледи.

Сарпашевдин маалыматы боюнча, 27-мартта жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтчү алты шаар жана 23 айыл өкмөткө биометрикалык жабдуулар жеткирилүүдө. Бул шайлоо участкаларында 850дөн ашык оператор атайын окуудан өткөрүлгөн.

Ошондой эле БШК өкүлү маалымат берип, даярдыктар өз мөөнөтүндө жүрүп жатканын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0