Жашынып турган Кайгуул милициясынын кызматкерлерине катуу чара көрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкери кылмышкерди издөө учурунда. Архив
Милиция кызматкери кылмышкерди издөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-апрелден тарта Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы иштей баштайт. ИИМ жаңы кызматтын иши катуу көзөмөлгө алынарын белгиледи.

БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Жаңы кайгуул милициясынын кызматкерлерине эми жолдордо жашынып турууга тыюу салынат. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин Жол кайгуул кызматынын төрага орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында, жаңы кызматты түзүү иши 2012-жылы башталып, эми 1-апрелден тарта Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул посттук кызмат бириктирилет. Жаңы башкармалык күнү-түнү иштейт.

"Алар бактарга жашына албайт, анткени маршруту алдын ала бекитилген. Эгер жолго чыга турган болсо көрүнгөн жерге турушу керек", — деди Саркулов.

Ал башкармалыктын кызматкерлерине жеке унаа колдонуусуна уруксат берилгенин белгиледи.

"Начар аба ырайы болуп калса менчик машинага отуруп алып протокол толтурууга болот. Бирок аны менен куугунга түшүүгө кескин тыюу салынат", — деди ал. 

Саркуловдун айтымында, жаңы башкармалыктын кызматкерлери тартип бузса, аларга катуу чаралар көрүлөт.

"Башынан катуу кармаш керек, кийин кеч болуп калат", — деди ал.

Жаңы башкармалык жакында жоюлган Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул посттук кызматтардын инспекторлорунан куралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0