Өлкөдөгү митингдер ызы-чуусу жок, тынч аяктады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖелек кармаган адамдар. Архив
Желек кармаган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жаздын келиши менен жанданган митингдер айтылгандай арыштуу болгон жок. Пландалган аймактардын ичинен эки дубанда эл чогулбагандыгын бийлик өкүлдөрү билдиришти.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бүгүн Аксы районунда, Жалал-Абад шаарында жана Талас облусунда митингдер өтүп, тынч маанайда аяктады. Ал эми Нарын менен Ысык-Көлдө акциялар болгон жок. 

Буга чейин оппозиция өкүлдөрү өлкөнүн төрт регионунда митингдер пландалып жаткандыгын билдирген. 

Аксыда митингге каршы митинг уюштурулду

Аксы районунун борбору Кербен шаарында болгон митинг аяктаганын уюштуруучулардын бири Шекербек Камчыбек уулу билдирди.

"Биз буга чейин февраль айында нааразычылык акциясын өткөргөнбүз. Андагы талаптар аткарылбагандыктан, бүгүн кайрадан митингге чыктык", — дейт активист. 

Анын айтымында, нааразычылык акциясына 500гө чукул адам чыкты. 

"Бизге акцияны шаар четине барып өткөргүлө деген шылтоо менен бийлик тараптан тоскоолдуктар болуп жатты. Ага карабастан, Кербен шаарынын борбордук бөлүгүндө өткөрдүк. Бийликке дагы 10 күн убакыт берилди, эгерде талаптар аткарылбаса дагы митинг кылабыз", — дейт Шекербек Камчыбек уулу.

Буга чейин 10-февралда Аксынын Каражыгач айылында нааразычылык акция болуп, анда алар социалдык фондго төлөмдөрдүн жогорулаганына нааразычылык билдирип, электр энергиясына тарифтерди арзандатуу, Мамлекеттик камсыздандыруу мыйзамын жокко чыгаруу, балдарга жөлөк пул берүүдөгү документ иштерин жөнөкөйлөтүү талабын коюшкан эле. 

Ал эми Аксы районунун акими Медет Айдаралиевдин айтымында, митинг тынч өтүп, эл тарап кетти. 

"Жогору жактан эч ким келген жок. Райондун акими катары өзүм баарын көзөмөлдөп турдум. Нааразычылык акциясына 70ке чукул адам чыгып, ары-бери өткөндөр менен кошулуп алардын саны 100гө жетти", — дейт аким. 

Нарында бир нече жүздөгөн адам суукка карабай митингге чыкты
Ал ортодо нааразычылык акциясына чыккандарга каршы митинг жүргөнүн ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

"Аксы районунун тургундары "Жаштар митингге каршы" деген ураан менен нааразычылык акциясына чыгышты. Алар жазгы талаа иштери башталып жатканда митингдерге чыкпастан, жумуш менен алектенүү керек деген ойдо", — деп айтылат ИИМдин маалыматта.

Жалал-Абаддагы митинг

Мындан сырткары Жалал-Абад шаарында да митинг болуп, анда 1500гө чукул адам чыкканын уюштуруучулардын бири Бектур Асанов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"Бүгүнкү митингде социалдык маселелер козголуп, андан сырткары бийлик кетсин деген резолюция кабыл алынды", — дейт Асанов. 

Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазовдун айтымында, нааразычылык акциясына 100гө чукул адам чогулду. 

"Уюштуруучулар эч кандай талап койбостон эле бийликти жамандап, президентти кетсин дегенге чейин барышты. Буларды эл колдогон жок", — дейт Авазов. 

Таласта кийин нааразычылык чыкса, аким аларды тегерек столго чакырмай болду

Нааразычылык акциясы Талас облусундагы Талас районунун Өмүралиев атындагы айыл өкмөтүнүн Манас айылында да өттү. Митингдин катышуучусу Осмон Кожобердиевдин айтымында, эл үч саатка жакын туруп, талаптарын айтып, андан соң тарап кетти. 

"Коюлган талаптарыбыз аткарыларын айтышты. Электр тарифи, социалдык төлөмдөр, камсыздандыруу боюнча маселени чечебиз дешти. Аким митинг өткөн жерде болду, бирок, анын келиши менен эшектин тушоосу да чечилбейт", — деди Кожобердиев. 

Ал мындай иш-чаралар эч кандай маселени чечпейт деген нааразы пикирде калгандыгын билдирди. 

Ал эми Талас районунун акими Бакыт Нуржанов эл берген суроолоруна жооп алышкандыгын, кийин нааразы пикирлер болсо аны көчөдө эмес, бетме-бет отуруп чечүү туурасында сүйлөшкөндүгүн айтты. 

"Жыйын тынч маанайда, клубдун ичинде өттү. Келген элдин соцфонд, камсыздандыруу боюнча койгон маселелерине жооп бердик. Бул талаптар мурда эле айтылган. Эгерде кийин дагы бир суроолор болсо бийлик өкүлдөрү, эл жана оппозиция өкүлүмүн дегендер маңдайлаша отуруп, сүйлөшүп, маселени чечмей болдук", — деди Нуржанов.

Талас облустук ички иштер башкармалыгы Манас айылындагы маданият үйүндө болуп өткөн элдик жыйынга жалпысынан 50 чамалуу адам катышкандыгын билдирди. 

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча өлкө аймагында алдын ала айтылган митингдердин ичинен Нарын жана Ысык-Көл облусунда акция болгон жок. 

Жети-Өгүз районунун башчысы Калыс Жудеев Саруу айылында эч кандай акция болбогондугун, айыл тургундары кадимки эле жашоосун улантып жатышкандыгын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0