УОК бүгүн Кыргызстандын бир нече аймактарында митинг өткөрөрүн билдирди

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүУлуттук оппозициялык кыймылынын (УОК) мүчөсү Бектур Асанов. Архив
Улуттук оппозициялык кыймылынын (УОК) мүчөсү Бектур Асанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Митингге чыга тургандар бир нече социалдык талаптарды коюп, анын жыйынтыгы менен резолюция кабыл алышаарын айтышты.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Улуттук оппозициялык кыймыл (УОК) бүгүн Кыргызстандын бир нече аймактарында бир нече митингдерди өткөрөрүн аталган кыймылдын мүчөсү Бектур Асанов Sputnik Кыргызстанга билдирди.

"Митинг Талас менен Жалал-Абаддын борборунда, Аксынын Кербен шаарында, Ысык-Көлдүн Саруу айылында болот", — деди Асанов. 

Оппозиция өкүлү бул митингдерди колдоо максатында нарындыктар да чыгуу ниетин билдирип жаткандыгын кошумчалады.

Митингди уюштуруучулар учурдагы электр энергиясынын тарифтерин арзандатуу, балдарга жөлөк пул берүүдөгү документ иштерин жөнөкөйлөтүү талабын коюп жатышат. Андан сырткары Мамлекеттик камсыздандыруу мыйзамын жокко чыгаруу маселесин да алып чыгышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0