Кыргызстанда 18-19-мартта үшүк жүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги жамгырдын кесепети. Архив
Бишкектеги жамгырдын кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба ырайы 3…7 градуска чейин төмөндөп, жаан-чачын 20-мартка чейин созулушу күтүлөт.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Гидрометеорология агенттигинин жетекчисинин орун басары Рыскелди Асанкожоев "Биринчи радио" аркылуу билдирди. 

Буга чейин Кыргызгидромет 13-марттан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөөрүн айткан.

"18-19-мартта Чүй, Талас, Кемин, Сокулук аймактарында жана тоо этектеринде үшүк жүрүшү күтүлүүдө", — дейт Асанкожоев. 

Анын айтуусунда, өлкөдө аба ырайы 3..7 градуска чейин төмөндөп, жаан-чачын 20-мартка чейин созулат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0