Экономикалык каатчылыкка карабай кыргызстандыктар кафе-ресторандарга көп барышат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги кафесинин бири. Архив
Бишкектеги кафесинин бири. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки айда ички дүң өнүм (ИДӨ) дээрлик сегиз пайызга азайса, импорт менен экспорттун көлөмү 30-40 пайызга кыскарды.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Өлкөдөгү экономикалык абалдын солгундашына карабастан, айрым тармактарда өсүш байкалганын Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Январь-февраль айларында ИДӨнүн көлөмү болжол менен 49 миллиард сомдон ашкан. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,8 пайызга аз. Ошондой эле импорт менен эскпорттун көлөмү да 30-40 пайызга төмөндөгөн.

Нарындын жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Статком облус тургундарынын канчага чейин жашаарын аныктап чыкты
Бирок, өткөн жылдын январь-февраль айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу быйыл кызмат көрсөтүү – мейманкана жана ресторандардын кирешеси 7,1 пайызга өсүп 2 миллиард 25 миллион сомду түзгөн. Андан сырткары байланыш кызматы да 5 пайыз өсүп, ал 4,3 миллиард сомду түзгөн.

Жыл жаңыргандан бери эки ай ичинде кыргызстандыктардык жүргүнчүлөрдүн да саны өсүп, ал 95,1 миллион жүргүнчүгө жеткен. Бул 2015-жылдагы көрсөткүчкө караганда 2,6 пайызга көп. Аны менен катар айлык акынын көлөмү 12,8 пайызга өсүп, ортосо маяна 13900 сомду түзгөн.

Кыргызстанцы также стали больше ездить, за первые два месяца число пассажиров на всех видах транспорта достигло 95,1 миллиона, что на 2,6 процента больше показателей января-февраля 2015 года. На 12,8 процента выросла средняя зарплата, которая составляет 13 190 сомов.

Жаңылыктар түрмөгү
0