Экономика министрилиги өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттиктин КРдеги өкүлү болуп бекиди

© flickr.com / IAEA ImagebankАвстриядагы өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) долбоорунун имараты. Архив
Австриядагы өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) долбоорунун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кадам өлкөдөгү урандардын калдык сактагычтарына байланыштуу долбоорлорду ишке ашырууга жана радиациялык коопсуздук чарасын көрүүгө багытталган.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Экономика министрилиги өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) долбоору менен иштөөдө көзөмөлдөөчү орган болуп дайындалды. Аталган жарлыкка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын.  Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Корея өзөктүк курал пайдаланууга даяр экенин айтты
Бул кадам өлкөдөгү урандардын калдык сактагычтарына байланыштуу долбоорлорду ишке ашырууга жана радиациялык коопсуздук чарасын көрүүгө багытталган.

Өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттиктин долбоору менен иштөөдө КРдин координатору болуп экономика министринин орун басары Туратбек Жунушалиев бекиди. 

Өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттик 1957-жылы түзүлгөн. Ал өлкөлөр арасындагы өзөктүк энергия боюнча иштөөчү уюм болуп саналат. Башкы кеңсеси Вена шаарында жайгашып, ага 167 өлкө мүчө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0