Кыргызстан дүйнө туристтери үчүн жагымдуу 20 аймактын катарынан орун алды

© Фото / Влад УшаковСары–Челек көлү. Архив
Сары–Челек көлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмени National Geographic Traveler журналы түзгөн. Ал эми быйыл туристтер үчүн жагымдуу аймактардын катарына Кыргызстан да кирген.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстан быйылкы жылы туристтер үчүн жагымдуу 20 аймактын катарынан орун алганын Travel.ru туристтик сервиси билдирди.

Маалыматка ылайык, тизмени National Geographic Traveler журналы түзгөн.

Ош — Хорог. Дүйнөдөгү эң кооз жолдордун биринин көрүнүшү
Сервистин кызматкерлери туристтерге Токмок шаарынын жанындагы балбал таштарды көрүп, улуттук кийим-кече сатып алууга боло турган Бишкектеги Ош базарын барууну сунуштайт.

Мындан тышкары, Тянь-Шандын тоолорун атчан кыдырып, өлкөнүн түштүк аймагында жайгашкан жаңгак токойлору, булактар жана керемет жайлоолорго барып эс алуу сунушталат.

Тизмеге Кыргызстандан тышкары Россия, Грузия, Венгрия, Шотландия, АКШ, Сербия, Бургундия, Франция, Бельгия, Италия, Иран, Филиппин, Вьетнам, Боливия жана Куба мамлекеттери кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0