Кыргызстанда жетекчи аялдар Германиядагы босс айымдарга караганда эки эсе көп

Жазылуу
Бул көрсөткүч башка мамлекеттерге караганда Кыргызстанда жогору экени белгилүү болгон. Ал эми босс айымдардын саны баарынан Россия жергесинде көп.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандын ишканаларында Германияныкына караганда жетекчи айымдар көптүк кылат. Grant Thornton International компаниясынын изилдөөсү боюнча аталган өлкөдө 100 жетекчинин 15 пайызы — айымдар.

КРнын Улуттук статистикалык комитети Кыргызстанда 100 жетекчинин 33ү айымдар экенин аныктап чыккан. Ал эми дүйнө жүзүндө бул көрсөткүч 22 пайыздын чегинде.

Шиш така кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара далы бойдон калуу коркунучунда турган бишкектик кыздардын жети түрү
Изилдөө босс айымдардын көбү Россияда экенин көрсөттү — жетекчилик кызматты ээлеген айымдардын үлүшү 45 пайызды түзгөн. Андан кийинки орунду 39 пайыз менен Филиппин менен Литва ээлеген.

Эң начар көрсөткүч Японияда (7 пайыз) аныкталган. Германия (15 пайыз) менен Индия (16 пайыз) андан кийинки орунда турат.

Изилдөөчүлөр айымдардын санынан тышкары алар жетекчилик кылган тармактарды да иликтеп чыгышкан. Жетекчи айымдардын 27 пайызы кадр бөлүмүн башкарса, 21 пайызы финансы директорлугун аркалайт, ал эми 11 пайызы маркетинг бөлүмүн жетектейт. Аткаруучу же операциялык директор кызматын аркалаган айымдар дээрлик кездешпейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0