5-6-класстын окуучулары үчүн беш сабак боюнча жаңы китеп иштелип чыгат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКитептерди салыштырып жаткан мугалимдер. Архив
Китептерди салыштырып жаткан мугалимдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуу китептери мектептеги предметтик стандарттарды жаңылоо максатында жаңыланып жатат. Сарыбаев ошондой эле, ар бир предмет боюнча китептер 110-120 миң тираж менен басылып чыгарын кошумчалады.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Билим берүү министрлиги 5-6-класстар үчүн география, биология, музыка, табият таануу жана сүрөт сабактары боюнча окуу китептерин иштеп чыгууга конкурс жарыялады. Бул долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашарын Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева өзүнүн Facebook баракчасына маалымдады.

Министрликтин окуу китептери боюнча адиси Ильяз Сарыбаевдин айтымында, кызыккан тараптардын арыздары 18-мартка чейин кабыл алынарын билдирди.

"Азыр бизге басма үйлөрү кайрылып жатат. Алардын квалификациясы каралат. Бардык талаптарга жооп бергендер конкурстун жеңүүчүсү болот. Орус тилинде сунушталган китептер кыргызча сунушталган китептер орусчага которулат", — дейт ал.

Сарыбаев ошондой эле, ар бир предмет боюнча китептер 110-120 миң тираж менен басылып чыгарын кошумчалады.

Окуу китептери мектептеги предметтик стандарттарды жаңылоо максатында жаңыланып жатат.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча өлкө аймагында 2207 мектеп бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0