Кыргызстанда ар бир алтынчы үй-бүлө ажырашууга барат

CC BY-SA 2.0 / Wyatt Fisher / CouplesКол кармашып турган түгөйлөр. Архив
Кол кармашып турган түгөйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаарда "келишпей калган" жубайлар айылдагыга караганда үч эсе көп экени аныкталды.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстанда курулган ар бир алтынчы үй-бүлөнүн жашоосу ажырашуу менен аяктай турганын Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, айыл жеринде бир миң үй-бүлөнүн ичинен 104-106сы ажырашып кетсе, шаарда келишпей калгандардын саны андан үч эсеге көп.

Муну менен бирге акыркы 10 жыл ичинде никеге турууну каалаган жарандардын саны 40 пайызга жогорулаган.

Статистика боюнча аялдар 23 жашында турмушка чыкса, эркектер 27 жашында үй-бүлө курат.

Жаңылыктар түрмөгү
0