Өкмөт:Кыргызстанда безгек оорусу толугу менен жоюлат

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүШприц. Архив
Шприц. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариев бүгүн Глобалдык фонддун Европа жана КМШ өлкөлөрүндөгү аймактык менеджери Николас Кантау менен жолугуп, өлкөдөгү жарандардын саламаттыгын талкуулады.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстанда безгек оорусу толугу менен жоюлуп, кургак учук, ВИЧ-СПИД таркалышына жол бербөө жаатында алгылыктуу иштер жасалып жатканын премьер-министр Темир Сариев Глобалдык фонддун Европа жана КМШ өлкөлөрүндөгү аймактык менеджери Николас Кантауну кабыл алуу учурунда билдирди.

Сариев өлкөдөгү жарандардын саламаттыгы, анын ичинде ВИЧ-СПИД, кургак учук жана безгек сыяктуу жугуштуу оорулардын таралышына каршы күрөшүүгө өкмөт өзгөчө көңүл буруп жатканын маалымдады.

"Биргелешкен кызматташуу өлкө аймагында безгек дартын толугу менен жоюу жана кургак учук, ВИЧ-СПИД таркалышына жол бербөө жаатында алгылыктуу иштерге негиз болду", — деди өкмөт башчы.

Өз кезегинде Кантау Кыргызстандын жугуштуу оорулар менен күрөшүүдөгү аракеттерин жогору баалап, бул жаатта Глобалдык фонд өз ишмердигин улантарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0