Жер планетасында сейрек кездешкен минерал Кыргызстанда табылган

© Sputnik / Валерий Шустов / Медиабанкка өтүүИздөө иштери. Архив
Издөө иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулардын тизмесинде невадаиттен (nevadaite) сырткары 2500 сейрек кездешкен жаратылыш ресурстары камтылган.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бриллиант менен алтындан кымбат турган невадаит (nevadaite) деп аталган минерал Кыргызстанда табылган. Бул тууралуу белгилүү илимий Discovery.com порталы жазып чыкты. 

Бул минерал Кыргызстандан сырткары АКШда гана катталган.

Карнеги институту менен Рокфеллер университетинин окумуштуулары сейрек кездешкен минералдык ресурстардын тизмесин түзгөн. Анда жер планетасында сейрек кездешкен невадаит минералдык элементи көрсөтүлгөн. 

"Сейрек кездешүүчү элемент Кыргызстан менен АКШда гана бар", — деп билдиришет окумуштуулар. 

Алардын тизмесинде 2500 сейрек кездешкен жаратылыш ресурстары камтылган. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0