Жетимдерди убактылуу баккың келеби, айкөл кыргыз?

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги түйшүк менен арбашкан балдарды мамлекет тарабынан асыроого берүү, алар үчүн интернаттарды көбөйтүү сыяктуу көйгөйлөрдүн чоо-жайын билип көрдү. Көрсө, ара жолдо калган балдарды убактылуу багып алган ата-энеге 6 миң сом маяна төлөнөт экен.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik, Айида Батырбекова. Энесинин курсагынан жаңы чыккан көпчүлүк наристелерге кең дүйнө тардыгын көрсөтүп, түйшүктүү балалык тартуулаган учурлар арбын. Аларды көргөн көздөр дагы чарчадыбы, айтор, сыз жерде кайыр сурап отурган балдар байкалбай деле калды.

Эне. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Памперс", буламык, баатыр энелер айылы: уят өлүмдөн катуу эмеспи?
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча былтыркы он айдын ичинде эле республикадагы интернат мекемелерине 327 кароосуз калган балдар жайгаштырылган.

Ошол эле учурда Кыргызстанда кыйынчылыкка кептелип, ара жолдо калган балдарды убактылуу багып алууга да шарт түзүлгөн. Бул үчүн мамлекет ал үй-бүлөгө айлык төлөп берүүгө даяр. Бирок, тилекке каршы, каалоочулардын саны бирин-серин.

Убактылуу ата-энеге айлык төлөнөт

Түйшүк менен арбашкан балдардын көйгөйүн чечүү үчүн мамлекет тарабынан асыроого берүү, интернаттарды көбөйтүүдөн башка дагы кандай аракеттер каралып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен айтып беришти. 

"Күтүлбөгөн жерден ар кандай себептерден улам ата-энесинен ажырап калган балдарды интернатка алып баруу алардын психикасына доо кетирет. Мындан улам балдар башка үй-бүлөлөргө убактылуу багууга берилет", — дейт үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын адиси Назгүл Чолумова. 

Бишкектин тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт бекем үй-бүлө баалуулуктарын жандантат
Анын айтуусунда, ата-энеси дайынсыз жоголуп кеткендердин, ата-энелик укугунан ажыратылган, камакка алынган жана башка көйгөйлөргө байланыштуу баласын карай албай калгандардын маселеси чечилгенче алардын балдары башка үй-бүлөгө убактылуу багууга берилет. 

Убактылуу багуу мөөнөтү кыска, орто жана узак деп үчкө бөлүнгөн. Кыска мөөнөттүүлөр бир айга, орточосу алты ай, ал эми узак мөөнөттүүсүн убактысы атайын комиссиянын чечими менен чыгарылат. 

Бул аралыкта кароосуз калган балдарды багып берген үй-бүлөгө мамлекет тарабынан кадимкидей маяна төлөнөт. 

"Багууга макулдугун берген үй-бүлө мамлекет тарабынан ай сайын алты миң сом маяна жана баланын тамак-ашы менен кийим-кечесине өзүнчө дагы алты миң сомдун тегерегинде, жалпысы ай сайын 12 миңге жакын айлык алат. Бирок, бул суммадан социалдык төлөмдөр кармалып калат", — дейт Чолумова. 

Бул система маңыздуу көрүнгөнү менен убактылуу бала асырагысы келгендердин саны бирин-серин. 

"Убактылуу бала багуу тууралуу сурап келгендер көп эле болот. Бирок, биздин кызматкерлер жоопкерчиликтер тууралуу айтканда "биз башкача ойлогон элек" деп кетип калып жатышат", — деп кошумчалайт Чолумова. 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча убактылуу баланы асыроого берүү 2012-жылы өкмөттүн 610-токтому менен бекитилгени менен каржы 2014-жылдан тарта гана бөлүнүп баштаган. 

Эки жыл аралыгында сегиз гана үй-бүлө баланы убактылуу асыроого макулдугун берген. 

Өз үй-бүлөсүнө кайткысы келбеген балдар

Sputnik Кыргызстан агенттиги мектеп курактагы үч кызды убактылуу багып алган ысык-көлдүк үй-бүлө менен байланышып, жашоо-тиричилиги тууралуу билди. 

Ак-Суу районунун Теплоключенко айылынын тургуну Наргиза Кабылжанованын өз канынан жаралган жалгыз уулу бар. Ал убактылуу үч мектеп окуучусун багып алган. 

"Мектеп курактагы үч кызды эки айга багып алгам. Улуусу 10-класста, ортончосу алтынчы жана кенжеси үчүнчү класста окуйт. Эки ай өткөн соң багуу мөөнөтү апрелге чейин узартылды. Бирок, үч кыз тең өз ата-энелерине баргылары келбей жатканын айтып, кетпейбиз деп жатышат", — дейт Кабылжанова. 

Ал 10-классты аяктап жаткан кызды кийин жогорку окуу жайга окутууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Эгер үч кыз апрель айында өз ата-энелерине кайтарылса, дагы башка балдарды багып аларын кошумчалады. 

Ал эми Ак-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгындагы үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчысы Улан Балбаев үч кыздын келечеги тууралуу айтып берди. 

"Бул үч кыздын экөөсү — бир тууган. Алардын энеси кыздарын бага албай калганда балдар үйүнө тапшырам деп алып келген. Бирок, ага жол бербей башка үй-бүлөгө убактылуу багууга бергенбиз. Учурда энеси жумуш таап иштеп жатат. Апрель айында кыздарын алып кетет. Ал эми үчүнчү кыздын атасы ичип алып энесин сабай бергендиктен, башкага турмушка чыгып кетиптир. Кызын өзү менен кошо алып кетпей, атасына таштап салган", — дейт Балбаев. 

Мен апамды күнгө теңейм. - Sputnik Кыргызстан
Баланын сүрөтүндөгү жазуу: "Апаңарды түшүңөрдө да таарынтпагыла"
Эгер кыздын атасы ичкенин токтотпосо, энеси албайм десе кыздын тагдыры кандай болот деген суроого Балбаев үшкүрүү менен "билбейм" деп жооп берди. 

Мындан сырткары убактылуу ата-энелер мамлекет тарабынан төлөнгөн маянадан социалдык төлөмдөр кармалгандыктан аз акча чыгып, бала багуудан айнып жаткандар болуп жатканын Балбаев кошумчалады. 

Тилекке каршы балдардын өз ата-энелери менен байланышууга мүмкүн болгон жок. 

Балдарга байланыштуу статистика

 

  • 2015-жылдын он айынын ичинде интернаттарга 327 кароосуз калган балдар келип түшкөн;
  • Республика боюнча 7 жаштан 15 жашка чейинки балдардын 38 миң 273ү эч жерде билим алган эмес. Бул жалпы калктын 4 пайызын түзөт;
  • Медицина-педагогикалык комиссия тарабынан 7 жаштан 15 жашка чейинки 1811 баланын акыл-эси өрчүбөй калгандыгы аныкталып, билим берилген эмес;
  • 7-15 жаштагы акыл-эси же физиологиясы өнүкпөй калган балдардын жалпы саны – 2801;
  • Жабык типтеги мекемелерде билим алган балдар (7-15 жашка чейин) – 1292; 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0