Кыргызстанда жылуу аба ырайы сакталат

Жазылуу
Кыргызгидромет бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөй турганын белгилейт.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын аймагында жылуу аба ырайы сакталарын Кыргызгидромет билдирди.

Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык аба ырайынан улам Бишкекте жылуулук берүү токтобойт
Маалыматка ылайык, 29-февраль күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Ал эми тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. 

Бишкекте күндүз 22 градуска чейин жылуу болсо, Ош шаарында күн 23 градуска чейин ысышы күтүлүүдө. 

Чүй жана Таласта аба ырайынын температурасы 23-24 градуска чейин жогоруласа, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күн 25 градуска чейин ысыйт. Ал эми бүгүн Ысык-Көлдө күн 10 градуска чейин көтөрүлсө болсо, Нарында 7 градус жылуу болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0