Ак калпак күнү "Көктөм шаңы" менен коштолот

© Sputnik / Табылды КадырбековАк-калпак күнүн майрамдоо. Архив
Ак-калпак күнүн майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара "Ак шумкар КУТ" жаштар уюму, "Көчмөн" коомдук фондусу жана республикалык "Манас жаштары" ордосу тарабынан уюштурулууда.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-мартында өтө турган Ак калпак күнүнө карата борбордук аянтта "Көктөм шаңы" аттуу маданий иш-чара өтө турганын уюштуруучулардын бири, "Ак шумкар КУТ" жаштар уюмунун мүчөсү Төлөсүн Бектемиров билдирди.

Анын айтымында, иш-чара саат 11.00дө улуттук филармониядан баштап борбордук "Ала-Тоо" аянтына чейин салттуу кийим менен жөө жүрүштөн башталат. 

"Майрамдоонун алкагында этноконцерт, улуттук оюндардын сынагы, кол өнөрчүлөрдүн колунан чыккан буюмдардын көргөзмө-жармаңкеси жана улуттук кийимдердин мода көргөзмөсү өтөт", — деди Бектемиров.

Ал иш-чара "Ак шумкар КУТ" жаштар уюму, "Көчмөн" коомдук фондусу жана республикалык "Манас жаштары" ордосу тарабынан өткөрүлүп жатканын кошумчалады.

"Ак калпак" күнү Кыргызстанда 2011-жылдан тарта өткөрүлүп келет.

Кыргыздын улуттук баш кийими тууралуу баардык маалыматты Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0