Өлгөнгө шарт жок. Кыргызстанда сөөк көмүү канча турат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКарыган аял. Архив
Карыган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Cөөктү мүрзөгө жеткирүү үчүн жөнөкөй автобус саатына 400-500 сом алса, "Mercedes-Benz" — 700 сом, ал эми "Кадилак" унаасы — 2100 сомго жеткирет.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бүгүнкү күндө каза болгондорду жерге берүү өтө кымбат. Бишкекте кепин, көр казуу, өлүк көмүү кызматын көрсөткөн муниципалдык агенттик менен 2-3 жеке уюм иш алып барат.

Аталган кызмат мусулмандарды жана христиандарды көмүүдө эки түрлүү кызмат көрсөтөт. Андан сырткары, салттуу эмес динди тутунгандарга, тек-жайы аныкталбай өлгөндөргө өзүнчө жай бөлүнгөн. Бирок мусулмандарды жана христиандарды көмүү учурундагы кызматтардын баалары окшош. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги аза кызматынын бааларын салыштырып көрдү.

Унаа кызматы:

Аэропротко конгон учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда өлүм жазасына тартылган кыргызстандык аялдын сөөгү алып келинди
Cөөктү мүрзөгө жеткирүү үчүн жөнөкөй автобус саатына 400-500 сом алса, "Mercedes-Benz" — 700 сом, ал эми "Кадилак" унаасы — 2100 сомго жеткирет.

Сөөктү көмүү үчүн жер аянтчасы:

Муниципалдык ишкананын расмий баасы — 7600 сом. Бирок мүрзөгө барганда "орун жок", "жакшы орун таап беребиз" деген шылтоо менен баасы 10-15 миң сомго чыгып кетет.

Жеке ишкана сөөктү Чоң-Арык мүрзөсүнө — 21 миң сом, Ала-Арча мүрзөсүнө — 16 миң, Чыгыш мүрзөсүнө — 10 миң, ал эми Лебединовка мүрзөсүнө — 15 миң сомго жерге берет.

Кошумча кызматтар:

Табыт (гроб) — 800 сомдон 6000 сомго чейин;

Кыргыз үй — 10 миң сом (эки күнгө);

Өлүктү жууп тазалоо — 2000 сом;

Казан, отургуч, идиш-аяк жана башка кошумча кызматтар менен алганда жалпысынан аталган ишканалар кызматтын 31 түрүн көрсөтөт. 

Жалпы жонунан сөөктү жерге берүү зыйнаты үчүн ишканалардын баасы 40-50 миң сомду чапчыйт.

Бул маселенин башка облустарда кандайча чечилерине кызыгып көрдүк. Мэриялардын берген маалыматы боюнча аймактарда мүрзө жерлери акысыз. Бирок жерди казып берүү кызматы көрсөтүлөт.

Талас шарында — 5000 сом;

Жалал-Абадда — 7000 сом;

Арак жана уктап жаткан селсаяк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арагын койбогон атага болгон каар же өзөгү өрттөнгөн боз уландын өлүмү
Ош шаарында — 500-600 сом;

Баткен — 1000 сомдун тегереги;

Ысык-Көл облусу, Каракол шаары — акысыз. Көбүнчө туугандары казышат;

Нарын — аба ырайына жараша. Кышында 7000 сом, жайында 3000 сом.

Көпчүлүк интернет колдонуучулардын пикиринде сөөктү жерге берүүдө ар тараптан акча өндүрүү амалдары жүрөт.

"Seven" аттуу интернет колдонуучу сөөк көмүү кызматын көрсөткөн жеке ишканаларга нааразы.

"Атам каза болуп, өлүктү көмүү боюнча жеке ишкананын кызматын пайдаланууга аргасыз болдук. Өлүкканадан сөөктү мүрзөгө чейин жеткирүү милдетин алышкан. 40 мүнөт кечигип жеткиришти. Ал эч нерсе эмес, атамдын сөөгү келгенде колундагы алтын шакеги жок болуп чыкты. Кыйын абалда тургандыктан териштирген жокпуз. Буларга кудай өз жазасын берет", — дейт колдонуучу.

Solo аттуу колдонуучу да нааразы пикирде.

"Чоң атабыз каза болуп, жеке ишканага кайрылдык. Кызматын аткарышты. Ал жагынан нааразычылык жок. Бирок баасы өтө кымбат экен, 46 миң сом кетти", — дейт Solo.

Буга чейин мурунку калаа башчы Кубанычбек Кулматов мүрзөрлөрдүн көйгөйүн көтөрүп чыккан. Ал бейрасмий маалыматтар боюнча сөөктү жерге берүү эки миң долларды түзөрүн билдирген.

V чакырылыштын депутаттары тарабынан демилгеленген "Сөөктү көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө" мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-окууда колдоого алынган. Мыйзам долбооруна ылайык, сөөк көмүү зыйнаты үчүн жер участкасын бекер берүү демилгеси көтөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0