Кыргызстанда ымыркайлар пневмококк оорусуна каршы эмдөөдөн өтөт

Жазылуу
Эмдөө бир жашка чейинки наристелер үчүн каралган. Ал эми медайымдар бул үчүн атайын окуудан өтүшөт.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстанда пневмококк оорусуна каршы эмдөө 22-мартта баштала турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 25-26-февраль күндөрү медайымдар атайы окуудан өтүп, эмдөө жасоонун ыкмаларын үйрөнүшөт. Ушундай эле окуулар 1-2-март күндөрү Чүй облусунун медайымдары үчүн уюштурулат.

Кыргызстанда биринчи жолу балдарга өпкө ооруларына каршы эмдөө жасалат
Вакцинация 2,5 айлык ымыркайлардан баштап бир жашка чейинки балдарга жасалат. Анткени, дал ушул курактагы наристелер аталган инфекцияга туруштук берүүгө жөндөмсүз келет.

Профилактикалык эмдөө — балдарды инфекциялык оорудан коргоочу жападан жалгыз мүмкүнчүлүк. Учурда дарынын 361,8 миң дозасы сатылып алынды.

Пневмококк инфекциясы — пневмакокк бактерияларынан улам пайда болуучу илдеттердин жыйындысы.

Мындай ооруларга пневмония, менингит, бактериемия, өпкө оорусу, бронхит кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0