Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандар канча айып төлөйт

© Фото / Влад УшаковТоп-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана
Топ-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылдын башында Ысык-Көл облусунда ак илбирс аткан жаран кармалып, анын мындай иши коомчулуктун катуу талкуусуна алынган. Ак илбирс Кыргызстандын "Кызыл китебине" киргизилип, мамлекет тарабынан коргоого алынган.

Кыргызстанда азайып бараткан же жоголуу коркунучунда турган айрым жаныбарларды коргоо үчүн алар "Кызыл китепке" киргизилген. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги мамлекеттик деңгээлде коргоого алынган жаныбарларга аңчылык кылууда эң көп айып кайсыл жаныбар үчүн салынарын билип көрдү. Айыптардын рейтинги Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматынын негизинде түзүлдү.

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАк илбирс
Московскому зоопарку - 150 лет - Sputnik Кыргызстан
Ак илбирс

1. Ак илбирс. Бул жаныбар негизинен Кыргызстандын Ысык-Көл аймагын байырлайт. Акыркы маалыматтар боюнча алардын саны Кыргызстанда 35-40тын айланасында. Бул жаныбарды аткандарга 500 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

© Валерий Шустов / Медиабанкка өтүүКүрөң аюу
Бурый медведь в зоопарке - Sputnik Кыргызстан
Күрөң аюу

2. Күрөң аюу, бугу, жейрен, арка-кулжа. Бул жаныбарлар дагы Кыргызстандын "Кызыл китебине" кирген. Аны атып өлтүргөндөргө 400 миң сом айып каралган. Бугу менен жейрен түздүү жерде жашаса, күрөң аюу менен арка-кулжа тоолуу жерде кездешет.

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүКундуз жаныбарлары
Выдры - Sputnik Кыргызстан
Кундуз жаныбарлары

3. Кундуз. Бул жаныбар өзөн жана дарыяларды мекендейт. Сууда жакшы сүзөт. Ага териси үчүн аңчылыкка чыгышат. Анын терисин сыйрыгандарга 200 миң сом көлөмүндө айып салынат. 

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКызыл карышкыр
Красный волк - Sputnik Кыргызстан
Кызыл карышкыр

4. Кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн. Кыргызстандын жаратылышы көптөгөн жаныбарлардын жашоосу үчүн ыңгайлуу. Жырткыч жаныбарлардын катарын толуктаган кызыл карышкыр, мадыл жана сүлөөсүнгө капкан коюп же аларды аткандарга 25 миң сом айып каралган.

© flickr.com / Pine Marten 007Суусар
Каменная куница - Sputnik Кыргызстан
Суусар

5. Суусар, чаар күсөн. Суусар тебетей кийүү же аны белекке берүү азыр дагы калк арасында кеңири жайылган. Бул жаныбарды аткандарга мамлекет тарабынан расмий түрдө беш миң сом айып салынат.

© Sputnik / Машков / Медиабанкка өтүүСуур
Сурок Мензбира - Sputnik Кыргызстан
Суур

6. Мензбир сууру. Кыргызстандагы суурдун бул түрү дүйнө жүзү боюнча жалгыз гана Теңир-Тоонун батышында жана Чаткал тоо кыркаларында таралган. Ага аңчылык кылгандарга үч миң сом айып каралган.

© Влад УшаковЧүткөр (кармүштөк)
Топ-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Чүткөр (кармүштөк)

7. Кызыл китепке кирген майда жаныбарлар менен канаттууларга мыйзамсыз аңчылык кылгандарга эки миң сом айып каралган. Мындай айып түштүк кирпи, чүткөр (кармүштөк), суу чычканы, канаттуулар — жазы кулак, ак боор, жебе кулак жана кош эрин жарганатка аңчылык кылгандар үчүн салынат.

Кыргызстандын эң алгачкы Кызыл китеби 1985-жылы түзүлгөн. Арадан 21 жыл өткөндө 2006-жылы экинчи жолу басылып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0