2015-жылы кредит кантип берилген: кызыктуу жети факты

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүБанк кызматкери. Архив
Банк кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банк кыргызстандыктар акчаны эмнеге алат жана коммерциялык банк үчүн бизнестин кайсы түрү тобокелчиликке салынып калганын иликтеп көрдү.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Улуттук банк Кыргызстанда жарандар акчаны көбүрөөк эмне үчүн алыша тургандыгын боюнча жаңы маалыматтарды жарыялады. Sputnik Кыргызстан анын негизинде кызыктуу жети фактыны таап чыкты.

  1. Акыркы үч жыл ичинде доллардык чен жети пайызга төмөндөгөн. Эми жашыл акча менен 13,6 пайыздык кредит алса болот.
  2. Улуттук пайызда берилүүчү насыялар тескерисинче, үч пайызга, тактап айтканда, 24 сом 25 тыйынга кымбаттап кетти.
  3. Кыргызстандыктар насыяны негизинен, айыл чарбасына, кайра иштетүүгө жана турмуштук муктаждыкка көп алат.
  4. Ипотекага, курулушка жана өнөр жайга берилүүчү насыя азайган.
  5. Биздин жарандар кредитти негизинен, 1-3 жылга алат.
  6. 2015-жылы өнөр жай, курулуш жана турмуштук муктаждыкка берилүүчү насыялар кымбаттап кеткен.
  7. Сом менен эң кымбат деген кредиттер жарым жана бир жылга берилет. Орточо деп эсептегенде 28 пайыз. Доллар түрүндө 3-6 айга 15 пайыз менен берилет.
Жаңылыктар түрмөгү
0