Кыргызстанда күн сайын 30дан жумуш орду түзүлөт

Жазылуу
Өткөн жылы 647 мекеме ишке кирип, жумушсуздардын саны азайган.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстанда 10,5 миң иш орду түзүлгөн. Бул туурасында Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун инфографикасында айтылат.

Былтыр республикада жаңы 647 ишкана түзүлгөн.

"10,5 миң иш орду түзүлгөн. Андан улам, жумушсуздар 2,2 миң кишиге кыскарып, учурда алардын саны 56 миң адамга чукулдады",— деп билдирет аталган институт. 

Өткөн жылы Улуттук Өнүгүү Стратегиясынын 77 долбоорунун ичинен 18и 700 миллион сомго аткарылган. Дагы 46сы (1,1 млрд. доллар) ишке ашуу стадиясында.

Жаңылыктар түрмөгү
0