Кыргызстан Өзбекстандан быйыл 140 миң тонна жер семирткич алат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖер семирткич жүктөө. Архив
Жер семирткич жүктөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев парламент жыйынында дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоо үчүн автивдүү аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстан Өзбекстандан 140 миң тонна жер семирткич алуу боюнча сүйлөшүүгө жетишкенин өкмөттөн билдиришти.

Буга чейин Айыл-чарба министрлиги менен Нефтетрейдерлер ассоциациясы дыйкандар үчүн жеңилдетилген күйүүчү жана майлоочу май алып келүү үчүн макулдашышкан.

"140 миң тонна жер семирткич алып келүү үчүн өзбек тарап менен макулдашылды. Анын 100 миң тоннасы селитра болсо, 40 миң тоннасы карбамид", — деп айтылат КР өкмөтү тараткан билдирүүдө.

Дыйкандар үчүн селиртанын килограммы 16,5 сом болсо, карбамид 19,2 сомдон сатылат.

Премьер-министр Темир Сариев парламент жыйынында дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоо үчүн автивдүү аракеттер көрүлүп жатканын билдирген. 2015-жылы себилген үрөндөрдүн 65 пайызы сертификатталган болсо, анын быйыл 79 пайызга чейин жеткирүү милдети коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0