Араван күнөсканалардын саны боюнча өлкөдө биринчи орунда турат

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев күнөсканада. Архив
Премьер-министр Темир Сариев күнөсканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Ош облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Араван районунун Тепе-Коргон айылынын жашоочулары менен жолукту. Бул жерде 90 үй-бүлө күнөсканада жашылча-жемиш өстүрүү менен алектенет.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Дыйканчылыкта жаңы ыкмаларды колдонуу менен түшүмдүүлүктү арттыртууга мезгил жеткенин премьер-министр Темир Сариев Араван районундагы Тепе-Коргон айылындагы күнөсканалар менен таанышуу учурунда билдирди.

Өкмөт башчы бир күндүк иш сапары менен Ош облусунда жүрөт. Анын айтымында, Араван районунун климаттык шарты районго күнөскана саны боюнча өлкөдө алдыңкы орунга чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

"Буга бардык мүмкүнчүлүк бар. Күнөскананы куруу менен түшүмдүүлүктү көбөйтүп, айылдагы элди жумуш менен камсыз кыла алабыз", — деди Сариев.

Базар-Коргондогу айнек күнөскана. Жыйылган жыйырма миң бөтөлкө
Тепе-Коргон айылында тургундар күнөскана иштетүү боюнча активдүү иштеп, учурда айылда 90дон ашык үй-бүлө күнөскана түзгөн.

Ошондой эле премьер-министр айылдын тургундары менен баарлашып, көйгөйлөрүн укту. Алар район аймагындагы пайдаланылбаган жерлерди ижарага берүү маселесин көтөрдү. Сариев жергиликтүү бийлик башчыларына пайдаланылбай турган жерлерди дыйкандарга узак мөөнөткө ижарага берүүнүн жолдорун иштеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0