УСИИ: калктын мамлекеттик органдарга ишеними 7,3 баллга жогорулады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖенщина фиксирует обращение в журнал.
Женщина фиксирует обращение в журнал. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишеним көрсөткүчү мамлекеттик органдардын кызмат сапаты, жеке ишеними жана коррупциянын деңгээли тууралуу калк арасында сурамжылоо жүргүзүү менен жылына эки жолу аныкталат.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Былтыркы жылдын экинчи жарымында калктын мамлекеттик органдарга ишеним индекси 22 баллды түздү. Бул тууралуу Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун (УСИИ) директору Талант Султанов билдирди. 

Анын айтымында, буга чейин ишеним индекси 14,7 баллды түзүп келген. Акыркы үч жыл аралыгында калктын мамлекеттик органдарга болгон ишеними жогорулаганын байкоого болот.

"Узак мөөнөттөн бери чектен ашып турган көрсөткүчтү төмөндөтүүгө жетиштик. Бул жакшы белги. Азырынча ишеним индекси 100 баллдын ичинен 22 баллды түзүүдө. Мындан улам мамлекеттик кызматтардын, жарандардын жана коомдук уюмдардын эскертүүлөрүнүн негизинде эсептөө ыкмасын жакшыртуу зарыл", — деди ал.

Ишеним көрсөткүчүн Улуттук статкомитет 2010-жылдан бери мамлекеттик органдардын кызмат сапаты, жеке ишеними жана коррупциянын деңгээли тууралуу калк арасында сурамжылоо жүргүзүү менен жылына эки жолу аныктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0